• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто мектептин 225 орундуу кошумча имаратынын жана спорт залдын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. Ош шаарында Курманжан Датка атындагы мектептин 225 орундуу кошумча имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин кошумча корпусунун жана спорт залдын курулушу шаар мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштери шаардын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Жапалак айыл аймагындагы башталды. Учурда казуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий