• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. Кечээ, 15-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Казыбек Мамбетимин уулунун (Казыбек казалчы) 120 жылдыгына карата өтө турган иш-чаралар планы талкууланды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Планга ылайык, жыл ичинде Казыбек казалчы жөнүндө китеп чыгаруу, даректүү тасма тартуу, мектеп программасына кирген анын чыгармаларын жаңылоо жана толуктоо, буга чейин Казыбек казалчы жөнүндө чыгарылган китепти түрк тилине которуу, басып чыгаруу жана бет ачаарын өткөрүү, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Казыбек казалчынын чыгармаларын даңазалоого арналган Эл аралык акындардын айтышын өткөрүү, Бишкек шаарынын мектептеринин бирине анын ысымын ыйгаруу жана "Казыбектин арманы" аттуу китеп чыгаруу жана сындуу бир катар иш-чаралар өтө турганы маалым болду.

Жыйындын жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов жана уюштуруу тобу Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде өткөрүү жана уюштуруу маселелерин чечүү керектигин макулдашты.

Мындан улам Маданият министрлиги иш-чаралар планына ылайык, тиешелүү иштерди алып барууну жана анын жүрүшү тууралуу маалыматты коомчулук менен бөлүшүп турмакчы.

Казыбек 1901-жылы (айрым маалыматтарда 1902-жылы) азыркы Ат-Башы районунун Батыш жагындагы Чет-Келтебес (Келтебек) деген жайлоосунда туулган.

Пикир

Оставить комментарий