• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда бул жылы 60 айылга таза суу жеткирүү пландалган

Аймак 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жашасын-2 айылындагы калкка таза суу жеткирүү иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда аталан жайда 40 пайыздан ашык жумуштар аткарылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоордун сметалык баасы 14 млн 302 миң сомду түзүп, тендердик баасы 9 млн 999 миң сом деп бааланган. Жумуш “Ал-Кадыр Сантех Сервиз” ЖЧКсы тарабынан 2020-жылдын ноябрь айында башталган. Жумуштар жыл аягына чейин бүткөрүлүп таза сууга болгон муктаждык жоюлмакчы. Жашасы-2 айылында 800дөн ашуун калк жашайт.

Ушул эле Кызы-Туу айыл аймагынын Ак-Баш айылында да 19 млн 490 миң сомдук таза суу долбоору жүрүүдө. Учурда андагы жумуштардын 55 пайызы аяктады.

Белгиленгендей, Жалал-Абад облусунда 2021-жылгы карата 60 айылга таза суу жеткирүү пландалган. Анын ичинен 34 айыл республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы суммасы 445 млн 966,5 миң сом акча каражаты керектелет. Калган айылдар жергиликтүү бюджет, райондук өнүктүрүү фонд жана эл аралык уюмдардын колдоосу астында ишке ашууда.

Таза суу долбоорунун алкагында облуста 2018-жылдан тарта 231 айылга ичүүчү таза суу жеткирүү иштери жүрүп келет. Андан 2018-жылы 11, 2019-жылы 9, 2020-жылы 21 айылда ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий