• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.18. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-апрелде болжол менен саат 12:30 чамасында Ош облусунун аймагында жер титиреген.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Ачы-Суу, Жар-Башы айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий