• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда кылмыштуулукка жана зордук-зомбулукка каршы иш-чаралар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун ар бир район-шаарларындагы мектеп окуучулары арасында, жергиликтүү ШРИИБдин жана прокуратура органдарынын кызматкерлери менен биргеликте профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул жана Аксы райондорунун укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөргө кылмыш жоопкерчилигин жаш курагы, үй-бүлөлүк зомбулуктун, кыз ала качуунун, мектептеги рэкетчиликтин алдын алуу жана келечекке карай туура багыт алуу максатында - «Биз кылмыштуулукка жана зордук зомбулукка каршыбыз» деген темада лекциялар өткөрүлүп, экрандан кошумча видеоролик жана слайд түрүндө түшүндүрмөлөр көрсөтүлдү.

Бул иш-чаралар айрыкча бүтүрүүчү класстар үчүн чоң таасир калтырып, алар тарабынан суроолор болуп, реалдуу турмуштан алынган практикалык мисалдар менен коштолгон жеткиликтүү жооптор берилип, талкууга алынып, баарлашуу менен өткөрүлүп, соңунда окуучулар тарабынан укук коргоочуларга ыраазычылыктар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий