• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 50 үй-бүлө чакан ишкердигин баштады

Аймак 0

Бишкек, 08.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында социалдык келишимдин негизинде берилген 100 миң сом менен 50 үй-бүлө чакан ишкердигин баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, алардын арасында тигүүчүлүк, сүттү кайра иштетүү, мал-жандыктарын багуу, такси кызматын көрсөтүү, нан азыктарын бышыруу, соода-сатык, сулуулук салондорун ачуу жана тамак-аш бышырып саткандар бар.

Долбоордун максаты эмгекке жарамдуу жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын же өз алдынча иштөө шарттарын түзүү, жакырчылыкты азайтуу жана жумушсуз жарандардын санын кыскартуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, долбоорду каржылоо үчүн республикалык бюджеттен 292 млн сом каражат бөлүнгөн. Ал каражат өлкө боюнча 2 миң 800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон ишкердик баштоо үчүн кайтарымсыз негизде берилет.

Пикир

Оставить комментарий