• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.22.Кабар/. Министрлер Кабинетинин жыйынында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынды.

Улан Ниязбеков билдиргендей, 2022-жылдын 8 айында республикада 4284 жол-транспорт кырсыгы катталган, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9% га төмөн, жаракат алгандардын саны 7,8%га (7215тен 6651ге чейин) жана каза болгондордун саны 31,3% га (552ден 379га чейин) кыскарган.

Министр кошумчалагандай, мындан тышкары автотранспорт айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу иштерин текшерүү планы иштелип чыккан.

«Республика боюнча жалпысынан 270 автомектеп текшерилген, лицензиялык талаптардын шайкеш эместиги үчүн 233 эскертме берилген, мыйзамсыз негизде иштеп жаткан 10 автомектептин иши токтотулду (лицензиялардын жоктугу менен), 1 млн 605 миң сом өлчөмүндө 81 протокол түзүлгөн», - деп белгиледи Улан Ниязбеков.

Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын жалпы талдоодо жол кырсыгынын негизги түрлөрү төмөнкүлөр экендиги аныкталды: 42,1% (1803) жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү, 36,6% (1567) транспорт каражаттарынын кагылышуусу, 7,2% (308) транспорт каражатынын оодарылуусу, 5,9% (257) тоскоолдукту сузүү, 3,1% (133) велосипедченди сүзүү жана токтоп турган транспорт каражатын 1,6% (72) сүзүү.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

- Ички иштер министрлиги жол эрежесин системалык түрдө жана одоно бузган айдоочуларды талдоо негизинде автомектептердин рейтингин аныктап, жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте автотранспорт каражаттарынын кыймылына чектөөлөрдү болтурбоо максатында, кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, башка процесстердин алдын алуу жана алардын автожолдордогу кесепеттерин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги автомектептерде жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол-транспорт кырсыктарынан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу иретинде практикалык сабактардын графигин иштеп чыгуусу; - "Бишкек - Нарын - Торугарт" жана "Бишкек - Ош" эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү кошумча медициналык пункттарды түзүүсү;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жол белгилеринин бардыгы, аларды жарыктандыруу, светофорлордун жана ызы-чуу тилкелеринин болушуна аудит жүргүзүшсүн, кийин зарыл болгон объектилерди орнотуу, алмаштыруу жана реконструкциялоосу;

-Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жолдордун кооптуу участокторун жоюу боюнча чараларды көрсүн.

Пикир

Оставить комментарий