• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев: Эгемендүүлүк алган жылдан бери токтоп турган өндүрүш ишканалары жанданат

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдан бери Бишкек шаарындагы токтоп турган бир катар өндүрүш завод-фабрикаларды кайра жандандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты.

Алгач Төрөбаев Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан сегиз жылдан бери токтоп турган “Кыргызпластик” ЖЧКга барып, ишкананын алдыга койгон пландары жана келечеги менен таанышты. Бул долбоорду каржылоону "Кыргызиндустрия" ААКсы камсыздайт. Мында канализация жана ичүүчү таза суу үчүн трубалар чыгарылат.

Андан соң “Бишкек штамптоочу заводу” (БМЗ) мамлекеттик ишканасынын аймагындагы "Кыргызбетонкурулуш" заводуна барды. Мында үйлөргө панел жасай турган заманбап жабдыктар коюлган. Жабдыктарды монтаждоо иштерин Италия Республикасынан келген адистер жүргүзүүдө, аларды 1,5 айдын ичинде аягына чыгаруу пландалууда.

Ошондой эле "Би Кей Медикеар" медициналык буюмдарды чыгара турган ишкананын долбоору менен таанышып чыкты. Долбоордун стратегиялык максаты, ата мекендик медициналык буюмдарды өндүрүүнү камсыз кылуу жана орто мөөнөттүү келечекте ички рыноктун тиешелүү ордун ээлөө.

Өндүрүш ишканаларын жандандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев, мамлекет эгемендүүлүк алган жылдан бери токтоп турган завод-фабрикаларды ишке киргизүү министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирип, долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий