• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы суу чарба объектилерин оңдоп-түзѳѳгө 460 млн сом каржыланды

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 30-июнуна карата республикадагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүүгө 462,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962,1 млн сом каралган.

Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 524,7 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 529 гидротехникалык курулмалардын, 193 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 5 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 88 насостук станциялардын, 151 насостук агрегаттардын оӊдоо, 11 насостук агрегаттын жаӊылоо, 74,2 км коллектордук-дренаждык тармактын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий