• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сурамжылоо: Жаштардын 79%ы биометрикадан өткөн жана 76,5%ы президенттик шайлоого катышат

Коом 0

Бишкек, 13.10.17. /Кабар/. Президенттик шайлоонун алдында КР Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту тарабынан Кыргызстандын жаштары тарабынан “Шайлоо-2017” темасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүлгөн. Аталган институттун басма сөз кызматы билдиргендей, сурамжылоо ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырылган “М-репорт” долбоорунун алкагында жүрдү.

Анын максаты жаштардын шайлоого көз карашы жана шайлоодон эмне күтүп жаткандыктарын, шайлоо процессине мамилесин, тигил же бул талапкердин программасына берген баасын, жаштардын чечим кабыл алуудагы башкы маалымат булактарын, Кыргызстандын келечектеги президентинен жаштардын үмүтү кандай экенин аныктоо болду.

Сурамжылоо СМС-билдирүү аркылуу 14 жаштан жогору 753 адамдын арасында КР аймагында жүрдү. Респонденттердин негизги бөлүгүн: 64,8% - 14-19 жаштагылар, 15,4% - 20-24 жаштагылар, 8,9% - 25-28 жаштагы жана 10,9% - 28 жаштан жогорку курактагылар түздү. Аймактык бөлүнүшү боюнча 63,5% респонденттер аймактардын жана Ош шаарынын, 36,5%ы Бишкектин тургундары.

Сурамжылоонун маалыматы боюнча, шайлоо курагына жетпеген респонденттерди кошпогондо жооп бергендердин (32%) 76,5% добуш бере тургандыктарын билдиришкен. Анын ичинде 50%ы жарандык милдети катары эсептешет. 15,5%ы шайлоого тандаган талапкерин колдоо үчүн барышса, 11% алардын добуш шайлоодо алардын добушу маанилүү экенин белгилешкен. Калган 22,5% бөлүгүнүн ичинен 9,5% шайлоодо татыктуу талапкерди көрбөгөндүктөн, 8% шайлоо жыйынтыктарынын аныктыгына ишенбегендиктен, 6% алардын добушу шайлоого таасирин тийгизбейт деп эсептегендиктен шайлоого катышпай тургандыктарын билдиришкен.

Ал эми респонденттердин 79%ы биометрикадан өткөн болсо, 11,5% өтө элек, бирок өтүү ниетинде, 7,5%ы өтө элек жана өтпөй тургандыктарын белгилешкен.

Бул сурамжылоонун жүрүшүндө жаштар өз добуштары Кыргызстандын тагдыры үчүн маанилүү экенине ишенүү менен Президенттик шайлоого даяр экендиктери аныкталган.

Маалымат үчүн: “М-репорт” – Кыргызстандын жаштарынын пикирлерин СМС-билдирүүлөр аркылуу топтоого багытталган долбоор. Сурамжылоого катышуу үчүн “Алга” сөзүн 4747 кыска номерине жөнөтүү керек. Бардык СМСтер жашырууну жана акысыз. Долбоор Кыргызстанда КР СИУИ тарабынан ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий