• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду саякаттоону сүйүүчүлөр үчүн сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. КРнын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду журналисттер, блогерлер жана Кыргызстан боюнча саякаттоону каалоочулар үчүн “Кыргызстан – сүйүктүү өлкөм” аттуу сынак жарыялайт.

Фонддон билдиргендей, катышуучулар өлкөдө саякаттоо учурундагы таасирлери тууралуу сүрөттөрдү, видеолорду, окуяларды, андан тышкары туризмге байланышкан макала, репортаж жана экологиялык темадагы материалдарды жөнөтүшү керек.

Сынак төмөндөгүдөй номинациялардын негизиндө өткөрүлөт:

- эң мыкты сүрөт;
- эң мыкты видео;
- Facebook`та эң мыкты саякатчы-блогер;
- Instagram`да эң мыкты саякатчы-блогер;
- Тарыхый эстеликтин фонунда эң мыкты селфи;
- ЖМКда эң фоторепортаж;
- ЖМКда эң мыкты видеосюжет;
- ЖМКда эң мыкты макала;
- Көрүүлөрдү тандоо сыйлы (жактыруулардын саны менен аныкталат);
- Калыстардын атайын сыйлыгы.

Бардык материалдар 2022-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин, же 2022-жылдын 3-августунан 31-августуна чейин #fundtourism жана #фондтуризм хештеги менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы керек.

Мындан тышкары, сынакка катышуу үчүн фонддун Facebook жана Instagram`дагы баракчаларына жазылуусу жана ачык аккаунту болуусу керек.

Ар бир номинация боюнча жаңүүчүлөр 20 миң сомго ээ болушат. Бардык катышуучулар фонддун атынан эстелик сыйлыктарга ээ болушат.

Ишиңиздин шилтемесин pr@fundtourism.com дарегине жөнөтсөңүз болот.

Пикир

Оставить комментарий