• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги: Быйыл чечевица, гречка, соя сындуу азыктарды айдоо кыйла пайдалуу болот

Коом 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Быйыл кыргызстандык дыйкандар үчүн чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуу болот. Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек Мурашев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта өлкөнүн айрым аймактарында жазгы талаа жумуштары башталып калды.

"Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады, ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Тамекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Россияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий