• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балык чарба багытында билим алууга жалпы 50 бюджеттик орун бар – министрлик

Коом 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Балык чарба департаменти балык өстүрүү жаатында жалпы 50 бюджеттик орун бар экенин билдирет. Бул тууралуу маалымат ведомствонун сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-окуу жылына талапкерлерди кабыл алуу жарыяланды.

“Балык чарба департаменти К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин С. Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинин балык өстүрүү жаатында популярдуу жаңы адистикке ээ болууга чакырат. KУАУ да 11-класстын базасында “Балык уулоо жана аквамаданият” адистиги боюнча – 30 бюджеттик орун бар. ЖТРден өтүү упайы – 100 балл. Агротехникалык колледжде 9-класстын базасында “Ихтиология жана балык өстүрүү” адистигине 20 бюджеттик орун берилген. 2021-2022-окуу жылына талапкерлерди кабыл алуу жарыяланды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий