• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок баштаган парламенттик делегация "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы Үркүн улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналып тургузулган мемориалдык эстеликке гүлчамбар коюшту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, делегацияны Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов коштоп барды.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий