• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Төраганын катасы көп "каты” үчүн кеңешчиси кызматтан алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№6-993/19) боюнча алдын ала иликтөө иштерин жыйынтыктаган.

"А.Сабырбеков төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер болчу. Аталган кат боюнча иликтөө иштери уланууда", - деп билдиришти ЖКдан.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган катасы көп "каты" тараган. Ал боюнча иликтөө жүрүп, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алгандыгын ЖКдан өкүнүү менен билдиришкен. Ошондой эле аталган документ расмий иш кагазы экендигин кошумчалашкан болчу.

Пикир

Оставить комментарий