• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы маселени 3-апрелде карамай болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу маселени 3-апрелде карай турган болду. Бул маселени депутаттар бүгүн кароону пландаштырган, бирок премьер-министр жумуш сапары менен Ош облусунда жүрөт.

Жогорку Кеңештин 3-апрель күнү өтө турган кезектеги жыйынында Өкмөттүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында 2019-жылдын 13-марты күнү Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө маалыматы премьер-министрдин катышуусунда угулат.

Депутаттар узакка созулган талаш-тартыштан кийин ушундай чечимге келишти.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 19-мартта өткөн жыйынында Өкмөттүн бул маселе боюнча маалыматын жабык эшик артында угуп, Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун талкууга алган.

Андан тышкары, өкмөткө кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу жаатында бир катар сунуштамалар менен тапшырмаларды берген эле.

Пикир

Оставить комментарий