• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пенсия, жөлөкпул боюнча маселе жаралбайт – Абылгазиев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Пенсия, жөлөкпул боюнча маселе жаралбайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Ал коронавирус байаныштуу түзүлгөндөн кырдаалдар улам бюджеттеги айрым чыгымдар кыскартыларын, бюджеттик мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди.

"Пенсия, жөлөкпул, айлык, социалдык тармакка каралган багыттар боюнча маселе жаралбайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген

Пикир

Оставить комментарий