• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген жаңы депутаттар ант берди.

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырып, шайланып келген депутаттарга тиешелүү ырастама (кызматтык күбөлүк) жана төш белги тапшырды.

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан:

Төрөбаев Бакыт Эргешевич

Исмаилов Фархат Даткабаевич

Сарыбашов Таалайбек Насирбекович

Маткеримов Айбек Тураталиевич

Токторбаев Жеңишбек Шермаматович

Сулайманов Эльдар Нурланович

Сабиров Равшанбек Азатович

Садырбаева Жылдыз Эсенбековна

Козуев Алишер Абибиллаевич

Кыдыкбаев Жаныбек Султанович

Масабиров Талайбек Айтмаматович

Исаева Жамиля Кубанычбековна

Нарматова Надира Азимовна

Талиева Камила Абдыразаковна

Култаева Гулшаркан Оконовна

“Ишеним” саясий партиясынан:

Алиев Медербек Кубанычевич

Жусупов Эмилбек Рамидинович

Таалайбек кызы Жылдыз

Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевич

Ормонов Улугбек Зулпукарович

Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович

Мураталиев Марат Молдонович

Шабазов Бахридин Валиевич

Жакышов Русланбек Шергазиевич

Темирбаева Миргул Өмүрзаковна

Абдибаева Айсара Нышановна

Султанбекова Чолпон Аалыевна

“Ынтымак” саясий партиясынан:

Кокулов Эрулан Калчороевич

Мажитова Шарапаткан

Мамытов Талант Турдумаматович

Тентишев Бакыт Эркинович

Сыдыков Мурадил Жанышбекович

Маматалиев Марлен Абдырахманович

Түлөбаев Балбак Зарлыкович

Исатбек кызы Аида

Лурова Лейла Хияновна

“Альянс” саясий партиясынан:

Айдарбеков Чыңгыз Азаматович

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

Исираилов Азамат Алмазбекович

Алимжанов Фарходбек Айбекович

Акаев Жанарбек Кубанычович

Молдобекова Гүлкан Сакиновна

Алимжанова Нилуфар Якубжановна

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан:

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

Масалиев Исхак Абсаматович

Токтошев Эмил Токтакунович

Эрбаев Алишер Ташбаевич

Нарматова Орозайым Кочконбаевна

Кожокулова Гуля Акматкуловна

“Ыйман Нуру” саясий партиясынан:

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

Айжигитов Султанбай Абдрашитович

Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич

Ашимова Динара Ашимовна

Раимбачаева Винера Калыбековна.

Бир мандаттуу округдан:

- №1 Лейлек округу – Ажибаев Чыңгыз Ильяскожоевич

- №2 Баткен округу – Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич

- №3 Кадамжай округу – Атажанов Ырысбек Ысламович

- №4 Көк-Жар округу – Бакиров Өмүрбек Мирзаимович

- №5 Ноокат округу – Коргонбай уулу Жусупбек

- №6 Араван округу – Нурбаев Жалолидин Паязидинович

- №7 Ош округу – Осмонов Айбек Жапарович

- №8 Төлөйкөн округу – Алимбеков Нурбек Каарыевич

- №9 Кара-Суу округу – Матраимов Искендер Исмаилович

- №10 Куршаб округу – Төлөнов Данияр Эрмекович

- №11 Алай округу – Примов Улан Бердибаевич

- №12 Өзгөн округу – Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич

- №13 Сузак округу – Икрамов Тазабек Икрамович

- №14 Жалал-Абад округу – Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич

- №15 Базар-Коргон округу – Алтынбеков Айбек

- №16 Ноокен округу – Сыдыков Бактыбек Усенович

- №17 Аксы округу – Шакиев Нурланбек Тургунбекович

- №18 Ала-Бука округу – Турсунбаев Азизбек Атакозуевич

- №19 Токтогул округу – Сулайманов Кундузбек Кошалиевич

- №20 Манас округу – Жумабеков Дастанбек Артисбекович

- №21 Талас округу – Чойбеков Бактыбек Каныбекович

- №22 Жайыл округу – Азыгалиев Нурланбек Асанбекович

- №23 Москова округу – Ханджеза Карим Лемзарович

- №24 Сокулук району – Кенжебаев Аманкан Батырбекович

- №25 Аламүдүн округу – Атамбаев Сеидбек Алмазбекович

-№26 Ленин округу – Абиров Жаныбек Болотбекович

- №27 Биринчи май округу – баарына каршы

- №28 Октябрь округу – Бекешев Дастан Далабайевич

- №29 Свердлов округу – баарына каршы

- №30 Ысык-Ата округу – Таштанбеков Акбөкөн Дукенович (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген)

- №31 Чүй-Кемин округу– Саккараев Медербек Жаманкулович

- №32 Кочкор округу – Самыйкожо Мирлан

- №33 Нарын округу – Бакасов Улан Болотбекович

- №34 Жети-Өгүз округу – Малиев Арсланбек Касымакунович

- №35 Ак-Суу округу – Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

- №36 Ысык-Көл округу – Сарбагышев Максатбек Канатбекович.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда үстүбуздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Биринчи май жана Свердлов округдарында баарына каршы графасы алдыга чыккан. Мындан улам аталган эки округда кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий