• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик мүлктү баалоодо калыс жана иштиктүү мамиле жасоо зарыл - депутат

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун берген маалыматына караганда, мамлекеттин карамагында 1150 ишкана бар экен, анын ичинде 894 ишкана иштебейт, ушу тапта 236 гана ишкана иштейт экен. Өткөн жылдын жыйынтыгында алардан 124 млн сом көлөмүндө киреше алынган. Бул өтө аз. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеӊеш жыйынында «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутаттын айтымында, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарылышы башкы көйгөйлөрдөн болуу менен, республикалык бюджет көптөгөн каражаттан куржалак калууда. «Эгерде 236 эле эмес, баардык ишканалар иштей турган болсо, бюджетке миллиардаган киреше түшмөк. Тилекке каршы, көптөгөн убадаларга карабастан, аларды ишенимдүү башкара албай келебиз. Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо былтыр аягына чыгат дешти эле, ал дагы иши да кечеӊдеп турат, деги анын азыркы абалы кандай?», - деди ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев азыркы учурда негизги фонддо турган мүлктөрдү инвентаризациялоо жумушу аяктап калганын билдирди. «Негизги фонддогу мүлктөрдүн балансалык наркы аныкталды. Эми биз алардын рыноктук баасын чыгарышыбыз керек, ошондо жалпы мүлктүн чыныгы наркы билинет. Бул бери дегенде 2-3 жылдык жумуш», - деген жообун берди ал.

Мамлекеттик мүлктөрдүн коюлуп жаткан наркына анчалык ишенкиребеген депутат Умбеталы Кыдыралиев ага Токтогул ГЭС каскадына коюлган бааны мисал тартты. «Эӊ ири Токтогул ГЭС каскады 4,5 млрд сомго бааланыптыр, ошо кантип болсун. Менимче, мамлекеттик мүлктү баалоодо туура, калыс жана иштиктүү мамиле жасоо зарыл. Ансыз алардын чыныгы наркы чыкпайт», - деди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий