• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Касымалиева: Бардык мамлекеттик бийлик бутактары көп аял алуу маселесине так көз караштарын билдириши зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында бир катар эл өкүлдөрү көп аял алууга чакырык жасалган окуяга байланыштуу сын-пикирлери менен чыгышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Аида Касымалиева коомчулукта талкууланып жаткан белгилүү диний ишмер Чубак Жалиловдун экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирүүсү өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө доо кетирет деген пикири менен бөлүштү. Көп аял алуучулукка республика калкынын 67% каршы, 21% гана колдоору боюнча статистикалык маалыматты келтирген депутат бул маселеге олуттуу мамиле жасоого чакырды. Анын пикиринде, калктын аялуу катмарын коргоо, колдоо иштери жүрбөй жатат. “Эмне үчүн ажырашуу көп болуп жатканда, эмне үчүн балдар жетим калып жатканда мындай маселе көтөрүлүп жатат? Буга эмне үчүн Өкмөт унчукпайт? Бардык мамлекеттик бийлик бутактары так көз караштарын билдириши зарыл”,- дейт Аида Касымалиева.

Коомчулукта катуу жүрүп жаткан бул маселеге депутат Элвира Сурабалдиева дагы токтолду. Ал Чубак Жалиловдун мындай билдирүүсү боюнча КР Акыйкатчысына, КР ИИМине жана Башкы Прокуратурасына расмий түрдө кайрылып жатканын айтты. “Башка учурларда Кыргызстанда эл аралык ченемдер сакталат да, диний ишмерлердин көп аял алуу боюнча билдирүүлөрүндө Кыргызстанда эл аралык ченемдер сакталбай калабы?”,- дейт Элвира Сурабалдиева.

Расмий бийлик органдарынын бул маселеге эч кандай реакция кылбай жатышына депутат Айсулуу Мамашева дагы нааразычылыгын билдирди. Анын пикиринде, бул көрүнүш диний жагдайдан эмес, материалдык жетишпөөчүлүктөн келип чыгып жатат. “Муну менен үй-бүлө институту бузулуп жатат. КР Өкмөтү бул маселе боюнча тиешелүү мыйзамдын иштөөсүн камсыз кылышы керек”,- дейт Айсулуу Мамашева.

Пикир

Оставить комментарий