• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстанда кармалышы боюнча “Кыргызстан” фракциясынын билдирүү таратты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстанда кармалышы боюнча “Кыргызстан” фракциясы билдирүү таратты.

Аталган парламенттик фракциясынын катчылыгынын билдирүүсүндө айтылгандай, Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалып, катарында Кыргызстандын 3 жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин бар экендигин тастыктаган маалымат тараткан. Бул окуя боюнча “Кыргызстан” фракциясы чукул жыйын өткөздү.

Асылбек уулу Дамирбек “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын активдүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстан Республикаларынын желегин желбиретип, кыргыз спортуна да чоң салымын кошуп келген. Ал аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн көтөрүүдө алгылыктуу бир топ иш-аракеттерди жүргүзгөн жигердүү депутат.

Массалык маалымат каражаттарына таракатылган бул окуя Жогорку Кенештин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы үчүн күтүүсүз болду.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок деген маалымат бар. Парламенттик фракция КРнын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук органдары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселеде Казакстандын тиешелүү компетентүү органдарынын мыйзамдарын толук сактоо менен, күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебеленбестен, акыйкат изилденип, чечилет деп ишенебиз.

Пикир

Оставить комментарий