• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жумабеков Түркияга расмий иш сапар менен барды – делегациянын курамы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 15-июль күнү Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Түркияга расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

"Иш сапардын алкагында Дастанбек Жумабековдун жогорку деӊгээлдеги, тагыраак айтканда, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, Жогорку Кеӊештин төрагасы "15-июлдун курмандыктарын" эскерүүгө арналган иш-чарага да катышат", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, кыргыз парламентинин делегациясы Изник шаарынын жанында жайгашкан Кыргыздар күмбөзүнө барат. Ал эми Стамбул шаарында делегация мүчөлөрү кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен жолугушат.

Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Пикир

Оставить комментарий