• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын төрагасына өлкөнүн эмири каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.12.23./Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Кувейт мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Ахмед Абделазиз Аль-Саадунга аталган өлкөнүн эмири Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер ас-Сабахдын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

"Маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Ас-Сабах даанышмандыгы, жаратмандыгы жана камкордугу менен ар дайым эсибизде кала берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер ас-Сабахдын үй бүлөсүнө жана жакындарына, ошондой эле жалпы Кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам".

Пикир

Оставить комментарий