• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иса Өмүркулов: “КСДП саясий кеңештин айрым мүчөлөрүнө баа бериши керек”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. “Биз биздин партия сунуштаган жана биз добуш берген президенттибизди колдошубуз кажет”, - деп билдирди Жогорку Кеңештин отурумунда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

И. Өмүркулов муну депутат Ирина Карамушкинанын партияда ажырым болууда деген билдирүүсүнө жооп катары айтты.

Белгилей кетсек, кечээ Карамушкина “КСДП Атамбаевсиз” жыйынын бузууга аракет кылган. Анын айтымында ага партиядан чыгарылгандар жана таарынычы бар адамдар катышкан.

Ал парламенттин бүгүнкү отрумунда сөз сүйлөп жатып учурдагы КСДПдагы ажырым бузуку күчтөргө пайдалуу экенин билдирди.

КСДП фракциясынын лидери мындай иш-чараларды бир гана саясий кеңеш эмес, башка партия мүчөлөрүнүн өткөрүүгө укугу бар экенин белгиледи.

“Биздин баардык партиялаштарыбыз мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы, өлкөнүн туруктуулугу үчүн күрөштү. Көптөр борбордук аянтта көз жумду. Ортого ажырым салып, талашка жем таштабагыла. 20 жыл оппозицияда болгон партиянын мүчөлөрү өткөн режимдерди жеңген күчтү түзүшкөн. Алар тууралуу экинчи сорттогу адам катары сөз кылуу жумшартып айтканда "шылдыңдоо"”, - деди ал.

И. Өмүркулов жогорку трибунада туруп, баарын тарап кетүүгө чакырууга болбой турганын билдирди.

“Биз баарыбаз бирбиз. Биздин партия көрсөтүп, шайлаган президентибизди колдодук. Биз талашка түшпөй, жаратман болгубуз келет. Бүгүн партия саясий кеңештин айрым мүчөлөрүнө баа бериши керек. Ушуну менен көп нерсеге чекит коюлат”, - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий