• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК вице-премьер-министрлик жана саламаттыкты сактоо министрлик кызмат орундарына талапкерлерди кароодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлик жана саламаттыкты сактоо министрлик кызмат орундарына талапкерлерди кароодо. Буга чейин аталган кызматтарды Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаев аркалап келген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган Алтынай Өмүрбекованын ордуна Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Аида Исмаилованын талапкерлигин сунуштады.

Ал эми КР саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин көрсөттү.

Төрага Дастанбек Жумабеков талапкерлерди колдоо тууралуу парламенттик коалициялык көпчүлүктүн, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети менен Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин чечими бар экенин белгиледи.

Талкуу маалында депутаттар тарабынан премьер-министрге жана талапкерлерге саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, калкты социалдык колдоо жаатындагы сунуштар берилди.

Депутат Дастан Бекешев жарандарды дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, жөлөк пул, пенсия, айлык маяна алууда банк жана банкоматтык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө жетишүү, жеке лабораториялардын коронавируска тест алуусуна уруксат берүү маселелерин көтөрдү.

Ал эми депутат Алтынбек Жунус уулу аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо тууралуу зарылчылыгына токтолуп, жазгы айдап-себүү иштери үзгүлтүксүз уланышы керектигин да билдирди.

Депутат Абтандил Кулбараков болсо аткаминерлердин кызматтан кетүү себеби тууралуу сөз кылып жатып, пропусктарды берүүдөгү жана чектөө чараларын иштеп чыгуудагы көйгөйлөргө байланыштуу Бишкек шаарынын комендантынын да жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров экономиканы турукташтыруу үчүн каатчылыкка каршы мамлекеттик программа иштеп чыгууну тездетүү керектигине токтолду.

Ошондой эле депутат Азизбек Турсунбаев илдетке каршы күрөшүп жаткан саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин ишине жакшы шарт түзүп, эмгегин баалоо маселесин кошумчалады. Муну менен катар борборлоштурулган дезинфекциялоо ишин жүргүзүү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий