Парламенттик же президенттик башкаруу? – депутат 4-октябрда референдум өткөрүүнү сунуштап жатат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелден тарта "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлууда.

Демилгечи: Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде айтылгандай, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору эл тарабынан мамлекеттин түзүлүшүн аныктоого шарт түзүүнү үчүн иштелип чыккан.

Ар бир мамлекет макулдашылган жана сапатту ишти жүргүзүүдө мамлекеттик бийликтин так уюштуруулушун талап кылат. Мамлекеттин түрү кайсыл принциптердин негизинде жана мамлекеттик бийликтин аймактык түзүлүшү кандай болгондугу, жогорку бийлик органдары кандай куралгандыгы, алардын өз ара аракеттенүсүндө жана жарандар менен байланышында кандай ыкмаларды колдонушат деген бир катар суроолорго жооп бериши керек. Мамлекеттин түрү өзүнүн мазмунуна дал келбесе мамлекеттин мындан ары өнүгүүшүнө терс таасирин тийгизет.

Андыктан, биз, бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары, эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналган Кыргызстандын элинен референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө): "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?" – деп сурашыбыз керек.

Өз кезегинде республикалык башкаруунун негизги 2 формасы болгон – Президенттик республиканы же Парламенттик республиканы - таңдап алууну жарандарыбыз түздөн-түз референдумда аныкташы зарыл.

Баарыбызга белгилүү болгондой мамлекеттик башкаруунун аталган түрлөрүнүн бир катар оң жана терс жактары бар.

Парламенттик республика – парламенттин пайдасына ыйгарым укуктардын бир айырмасы менен республиканын түрү. Парламенттик республикада Өкмөт, президенттин алдында эмес, бир гана парламенттин алдында жооп берет. Мындай башкаруу формасында Өкмөт парламетте көпчүлүк добуш алган партиялардын депутаттарынын арасынан түзүлөт. Негизги кемчиликтери – Өкмөтү тез алмаштыруусу, саясый туруксуздук, парламенттик фракциялардын тартибинин начарлашы, өз кезегинде партиялык жоопкерчиликтин негиздерин үзгүлтүккө учуратууга алып келет.

Президенттик республика – мамлекетте президент чоң ыйгарым укуктарга ээ. Президент эл тарабынан түз шайлоо аркылуу шайланат. Ал мамлекеттик бийлик бутактарынын мамилелерин жөнгө салат, Өкмөттү аныктайт жана аны өзү жетектейт, мыйзам долбоорлорун мыйзам чыгаруу органына киргизет, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, мамлекеттин атынан эл аралык аренага чыгат.

Президенттик республиканын артыкчылыктарынын бири болуп анын туруктуулугу жана эффективдүүлүгү саналат, себеби, президент чоң ыйгарым укуктарга ээ болуу менен мамлекеттин саясатын аныктайт. Негизги кемчилиги – бийликти бир адамдын колуна ашыкча топтоо, аны туура эмес колдонуу, көпчүлүк учурда бийликти кыянаттык менен пайдалануу, суперпрезиденттик республикага айлантууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрда расмий сайтына чыгарылган маалыматына ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалышы мүмкүн.

Андыктан, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, мыйзам долбоору менен референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо сунушталууда. Себеби, бир күндө эки шайлоону өткөрүү буга чейин дагы болгон (2016-жылы 405 жергиликтүү кеңештерде шайлоо референдум менен бир күндө өткөрүлгөн), шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чараларда жеңилдиктер жана аларды каржылык жактан камсыздоодо республикалык бюджеттен үнөмдөө болот (мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоону шайлоо бюллетендерин жасоого гана талап кылынат).

Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоосу менен бирге референдумду өткөрүү парламенттик шайлоого катышкан саясий партияларга мамлекеттик башкаруунун формасын таңдоодо өз пикирлерин кеңири билдирүү менен бирге өз тарапташтарын тигил же бул форманы колдоо үчүн үгүттөгө өбөлгө түзөт жана эң негизгиси референдумду өткөрүүдө байкоону жүргүзүүнү жогорку деңгээлде камсыз кылат.

"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 4-бөлүгү ылайык референдум дайындоо жөнүндө мыйзамда референдум өткөрүүнүн датасы жана референдумга коюу үчүн сунушталуучу маселенин (маселелердин) туюнтмасы аныкталат, мында референдум өткөрүүнүн датасы референдум дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 4 айдан кечиктирилбестен, кайсы болбосун дем алыш күнгө дайындалышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий