• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү тармагы боюнча кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет жерде жашаган мекендештердин жана боордош элдердин иши боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Сейит Юсуф менен жолугушту. Андан тышкары, жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда төрага Дастанбек Жумабеков кыргызстандык студенттердин Түркияда сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттарга байланыштуу ыраазычылык билдирип: “Эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын алкагында эки миңдей кыргызстандык студент Түркиянын жогорку окуу жайларынан мамлекеттик стипендиянын негизинде билим алышты”, – деди.

Өз кезегинде Сейит Юсуф Кыргызстанга Түркиянын стипендиялык программаларын тааныштыруу максатында атайын иш сапары менен келгенин маалымдады. “Биздин башкы максатыбыз – чет өлкөлүк студенттерге татыктуу билим берүү. Андыктан, кыргыз элине кызмат кыла турган мыкты студенттерге жогорку билим берүүгө кызыкдарбыз”, – деп кошумчалады Сейит Юсуф.

Ал эми төрага аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарынын окуусу үчүн кошумча орундарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштап, орундардын санынын көбөйүшү эки элдин алакасын арттырууга өбөлгө болорун белгиледи. Мындан сырткары жолугушууда Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүнүн атынан коронавирус пандемиясы маалында кыргыз элине көрсөткөн көмөгү үчүн Түркия мамлекетине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий