• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламент башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш башкы прокурор кызматына депутат Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды.

Жашыруун добуш берүүнүн жүрүшүндө Зулушевдин талапкерлиги үчүн 84 депутат макул, 1 депутат каршы деп добуш берди.

Эскерте кетсек, буга чейин башкы прокурор болуп келген Өткүрбек Жамшитов бүгүн кызматтан бошотулган.

Жогорку Кеңештин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий