• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Кара-Буура районундагы айылдык кеңештердин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусунун Кара-Буура районундагы айылдык кеңештердин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактын инфраструктурасына тиешелүү бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алардын айтымында, Кара-Буура районунун элин таза суу жетишсиздиги, айылдардагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын жана үрөндү кайрадан иштеп чыгаруучу заманбап лабораториялардын жоктугу түйшүккө салып келет.

Андан тышкары, депутаттар Жогорку Кеңештин Төрагасынан мектептен алыс жайгашкан айылдардагы окуучуларды ташыган кичи автобус бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну өтүнүштү. Ошондой эле, айыл чарба өндүрүшүн колдоого алуу зарылчылыгына да токтолушту.

Өз кезегинде Төрага Дастанбек Жумабеков быйылкы жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салып: “Бүгүн айтылган маселелердин көпчүлүгү мага белгилүү. Айрым көйгөйлөр күн тартибинен алынып, чечилет деген ишеничтемин. Учурда аларды чечүүгө керектүү болгон каражаттар изделүүдө. Сиздерге да долбоорлорду иштеп чыгып, аны ишке ашырууга жигердүү аракет кылууңуздарды сунуштайм. Анткени, коомдук жигердүүлүгүнөн көп нерсе көз каранды”, – деп билдирди.

Буга кошумча Жогорку Кеңештин Төрагасы аймактардагы жашоо-жагдайды жакшыртуу үчүн сапаттуу жолдорду, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды жана ишканаларды ачуу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий