• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Туу – элдүүлүктү сактай турган ыйык белги”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Бүгүн, 4-майда “Парламент” радиосунун 5-май Конституция күнүнө карата арнаган атайын уктуруусунда мамлекеттик символикалар тууралуу сөз болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, программага тарыхчы , Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча републикалык институтунун ага окутуучусу Алмазбек Шергазиев менен“Тосор” коомунун башкаруучу өкүлү Тыныбек Жукешов чакырылган.

Уктурууга катышкан Алмазбек Шергазиевдин “Туу – элдүүлүктү сактай турган ыйык белги” аттуу китеби жарык көргөн. Анда Кыргызстандын мамлекеттик туусунун калыптанышы, өзгөчөлүктөрү ачык көрсөтүлүп, этнографиялык көз карашта чечмеленген. Дүйнөлүк, орус жана кыргыз окумуштууларын тарыхый жана этнографиялык туунун пайда болуу тарыхы, жалпы эле туу тууралуу түшүнүктөр анализденген. Китеп жөнүндө тарыхчы төмөнкүдөй маалымат берди. “ Китепти чыгаруу идеясы 20 жыл мурун эле келген. Эл арасында туу жөнүндө көп аталышытар бар болуп, алардын түшүнүктөрү тууралуу талаш-тартыштар көп. Мисалы, илимде туу бирөө эле болот, ал эми ага желектер, байрактар биригиши мүмкүн. Желек – бул массалык чыгарылышка ээ. Андыктан, биз ар бир түшүнүктөрдү анализге алып, тактаганга аракет кылдык” – деди.

“Тосор” коомунун башкаруучу өкүлү Тыныбек Жукешов аталган китеп мектептерде түздөн-түз керектүү методикалык колдонмо катары пайдаланылып жаткандыгын билдирди. Анткени, китепте тарыхый кызыктуу маалыматтар камтылган,- дейт ал. Мамлекеттин символдорун билүү айрыкча балдарды – ата мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялайт,- дейт Т.Жукешов.

Туунун жаралуусунда анын түсүн тандоо боюнча көп пикирлер айтылган. Окумуштуулардын айтымында, кыргыздар кызыл түстү бекем карманышат. Кызыл – жылуу жана активдүү түстөрдүн бири катары бааланат. Кыргызда эрдиктин жана кайраттуулуктун символун билдирген кызыл түс тууга туура тандалган,- дейт А.Шергазиев.

Автордун айтымында, ар бир символика элдин ыйык атрибуттары катары каралып келет. Андыктан, алардын чечмеленишинде журттун түпкү тарыхы да жатат. Азыркы учурда, герб, гимн, ураан жана башка мамлекеттик символикаларга байланыштуу өзүнчө китептер да жарыкка чыгуу алдында турат,- дейт тарыхчы.

Пикир

Оставить комментарий