• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖКнын 2018-жылдын 4-январында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1, 3-окууларда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Асылбаева Г.К.);

- “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.17деги № 785 токтом).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.10.17деги № 692 токтом);

- “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламенти” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.06.17деги № 385 токтом);

- “Балык чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Артыкбаев О.М., Орозова К.Б., Алтыбаева А.Т., Султанов А.М., Туманбаева Р.М., Нурбаев А.М., Токтошев Э.Т., Жунус уулу Алтынбек).

Пикир

Оставить комментарий