• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжай районунда Кардиологиялык борбор ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда Кардиологиялык борбор ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кадамжай районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы кардиологиялык жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүнүн ачылышына катышты.

Алгач облус башчысы жана саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте аталган борбордун ишмердүүлүгү жана шарттары менен таанышты.

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жана Алымкадыр Бейшеналиев сөз сүйлөп, мындан ары элдин саламаттыгын сактоо багытындагы иштерди көбөйтүү менен Баткен облусуна өзгөчө көнүл бурулаары айтылды.

Кадамжай районундагы аталган борборго Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ангиография (жүрөк кан тамырларын изилдөөчү) аппаратын тапшырды.

Аталган аппарат:

Жүрөктүн кан тамырларын текшерет жана жүрөктүн жабык түрүндөгү операциясын жасайт;

Денедеги бардык тамырларды текшерип, ошондой эле жүрөгү тубаса кемтик төрөлгөн балдарга жабык түрүндөгү операциясын жасоого болот;

Жүрөктүн көңдөйүндөгү кан басымын ченөөгө болот. Ошондой эле бул аппараттын жардамы менен жүрөктүн көңдөйүнө электрокардиостимулятор койсо болот.

Аталган аппараттын кызматынан облустун бардык тургундары медициналык жардам ала алат.

Жылдан жылга көйгөйлүү болуп келе жаткан жүрөк кан тамыр ооруларынын кескин түрдө өсүүсүнүн негизинде алгач кардиология жана кардиореанимация бөлүмү ачылды.

Ошондой эле борбордо кошумча кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү да ачылды.

Бул бөлүмдөн жарандар кардиолог, акушер гинеколог, хирург травматолог, педиатр жана терапевт дарыгерлеринен медициналык кызмат ала алышат.

Белгилей кетсек, Кадамжай райондук жалпы дарыгерлик практика борбору 200 миңден ашык элди тейлейт. 18 үй-бүлөлүк тобу, 22 ФАП жана 14 бөлүмдөн турат.

Пикир

Оставить комментарий