• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жапаровдун атынан КРнын китепканаларына китептердин биринчи партиясы тапшырылды

Маданият 0


Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда КР президенти Садыр Жапаровдун атынан 5 млн сомдук китептерди тапшыруу аземи болуп өттү.

Китептерди тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Эдил Байсалов Кыргызстандын президенти өлкөнүн өнүгүшүнө, анын ичинде маданияттын өнүгүшүнө чоң көңүл буруп жатканын белгиледи.

“Китепканалар өнүгүшү керек, бизде ири борбордук, райондук, айылдык китепканалар боюнча чоң пландарыбыз бар. Алардын бары эки-үч жылдын ичинде жаңыланып, ал жакка киргендердин агымы көбөйүшү керек. Президент Садыр Жапаров китептердин биринчи партиясын сатып алууга президенттик фонддон акча бөлдү. Келечекте китептерти басып чыгаргандарды колдоо программасын кайрадан ишке киргизебиз”, - деди Байсалов.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов алдыда ведомство китепканаларды өнүктүрүп, аларды жаштар борборлору менен бириктирүүгө чоң көңүл бурууну пландап жатат деп белгиледи.

“Акча эң актуалдуу жана көчүрүп алууга мүмкүн болбогон китептерди сатып алуу үчун президенттик фонддон бөлүнгөн. Акыркы 30 жыл аралыгында китепканаларга эч кандай көңүл бурулбай, кандайдыр бир инфраструктура жаңыланган эмес. Акыркы жылдары китепканаларды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан меценаттар бар. Биз жаштар борборун китепканалар менен бириктиргибиз келет”, - деди Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий