• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Оскар комитети “Оскар” сыйлыгына талапкер болчу тасмалар боюнча арыздарды кабыл ала баштады

Маданият 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын Оскар комитети Америкалык кинематография искусствосу жана илим академиясынын 93чү “Оскар” сыйлыгына Кыргызстандын атынан көрсөтүлүүнү каалаган тасмалардан арыздарды кабыл алуунун баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитетинен билдиришти.

Комитеттен белгилешкендей, быйыл Америкалык киноакадемия сыйлыктардын регламентине бир нече өзгөртүүлөрдү киргизген. Маселен, “Чет тилдеги мыкты тасма” (Foreign Language Film) сыйлыгынын аталышы “Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма” деп өзгөртүлгөн.

“Аты өзгөртүлгөнү менен мурдагы эрежелер, документтерди жөнөтүү процесси же квалификациялык талаптар өзгөргөн жок. Эл аралык оюн тасмасы АКШнын сыртында тартылган негизинен англис тилинде болбогон тасма деп аныкталат”, - деп билдирет аталган комитет.

Арыздарды кабыл алуу 10-17-ноябрь күндөрү жүргүзүлөт. Бул аралыкта комитет кинематографисттер үчүн тасмаларды кароого сунуштоо маселелери боюнча кеңештерди берет.

Кыргызстандын атынан көрсөтүлө турган тасмаларга коюлган талаптар:

1. Тасма толук метраждуу көркөм, даректүү же анимациялык болушу шарт (40 мүнөттөн кем эмес);

2. Тасма 2019-жылдын 1-октябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин кинотеатрларга чыккан же чыгары пландалган болушу керек.

Тандап алуу убактысы:

- 10-17-ноябрь – катышуу тууралуу арыздарды кабыл алуу (shaboto@mail.ru)

- 18-19-ноябрь – тандалып алынган тасмаларды комитет тарабынан каралуусу

19-ноябрь – Комитеттин отуруму жана сыйлыкка көрсөтүлүүчү тасманы расмий жарылоо

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи Лос-Анджелесте “Долби” театрында 2021-жылдын 25-апрелинде болуп өтөт.

Маалымат алуу үчүн: Кабыл алуу комиссиянын катчысы Талантбек Төлөбеков, +996555800016

Пикир

Оставить комментарий