• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Жыл башынан бери жарандардын 200 миңден ашык билдирүүсү катталды

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11 айында жарандардын 200 миңден ашык билдирүүсү катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, республика боюнча ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан келип түшкөн билдирүүлөрдү аныктоо, каттоо, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топторун жөнөтүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө.

2021-жылдын 11 ай аралыгында ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан электрондук маалымат журналына кылмыштар, жоруктар жана башка укук бузуулар боюнча 234 миң 82 билдирүү катталып, анын ичинен 131 миң 546 Кылмыштардын бирдиктүү реестрине которулган.

2021-жылдын өткөн мезгилинде окуя болгон жерлерге 85 миң 542 жолу тергөө-ыкчам топтору жөнөтүлгөн.

Көрсөтүлгөн сандын ичинен 67 миңи – кылмыштуулук жана тартип бузуу фактылары, 15 миң 911 кайрылуу медициналык мекемелерден кылмыш мүнөздөгү жаракаттар боюнча маалыматтар жана 2 миң 184 жалган чалуулар катталган.

Ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан 5 миң 14 шектүү адам кармалган. Ал эми ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө кылмыштуулук жана тартип бузуу фактылары боюнча 31 миң 536 адам жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий