• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россиядан Кыргызстанга ата-эненин камкордугусуз калган алты бала кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Россиядан Кыргызстанга июль айы ичинде ата-эненин камкордугусуз калган алты бала кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин балдар туугандарынын үй-бүлөлөрүнө же камкордукка алуу менен багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштырылат. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк болбосо, алар кийин асырап алуу үчүн мамлекеттик балдар мекемелерине жайгаштырылат.

Россия, Казакстанда ата-эненин камкордугусуз калган балдарды мекенине кайтаруу зарылдыгы жөнүндө каттар министрликтин дарегине келип турат.

Пикир

Оставить комментарий