• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нуран Ниязалиев Борбордук Азия лидерлеринин алдыдагы саммитинин негизги мазмунуна токтолду

Саясат 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусун ийгиликтүү өткөрүүгө бардык аракеттер жумшалды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, жолугушууну уюштурууда министрлик абдан чоң иштерди жүргүздү.

“Уюштуруучулук, протоколдук жактан дагы бир топ иштер аткарылды. Иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүгө бардык аракеттер жумшалды. Консультативдик жолугушуунун күн тартиби кандай болот, жыйынтыгында кайсы документтер кабыл алынат, ушунун баарын тышкы иштер министрлиги карап чыгып, анын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтеринин эксперттери бир катар жолугушууларды өткөрдү”, - дейт ал.

Ниязалиев белгилегендей, президенттердин жолугушуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусун мындан ары бекемдөө, кеңейтүү сыяктуу бир катар маселелер каралат.

“Саясий, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну тереңдетүү, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттак сактоо тармагы боюнча талкуулар болот. Ошондой эле бул региондогу абал, чөлкөмдөгү коркунучтарга президенттер кандай иш-чараларды алып барышы керектиги каралат”, - деди министрдин орун басар.

Эскерте кетсек, 20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт. Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Пикир

Оставить комментарий