• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта жергиликтүү тургундун үйүнөн 21 кг марихуана табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Талас шаарынын тургунунун үйүнөн 21 килограммдан ашык марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

“Канал-Невский щит” эл аралык баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлгөн. Жеке үйдүн сарайынан өзгөчө жытына ээ болгон марихуана салынган 1,5 кап табылган. Андан ары ушул эле үйдүн аймагында жайгашкан мончодон ичинде май суюктугу бар литрдик пластик бөтөлкө табылган.

Экспертизанын алдын ала корутундусу боюнча, аталган суюктук каннабис экстракты болгон. Алынган марихуана затынын жалпы салмагы 21 кг 385 граммды, каннабис экстрактыкы 475 граммды түзгөн.

Бул кылмыш ишинин негизинде көрсөтүлгөн дарек боюнча жашаган 28 жаштагы У.А. кармалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий