• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12 жолуна асфальт төшөөдө 29 млн сом кымырып алышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12 унаа жолуна асфальт төшөөдө 29 млн сом кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы тарабынан жогоруда аталган унаа жолго төшөлгөн жаңы асфальттын сапаттуулугуна текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №38 жол тейлөө мекемеси автомобиль жолдорунун курулуш ченемдерин жана эрежелеринин талаптарын одоно түрдө бузуп, асфальтбетон катмарынын тыгыздык коэффицентин сактабастан, анын калындыгын азайтып төшөгөндүгү, ал эми ага карабастан сапатсыз салынган жолду Жол-транспорт департаментинин кызмат адамдары акты менен кабыл алышкандыгы аныкталды.

Натыйжада мамлекетке 29 млн 104 миң 829 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 273-беренеси (“Сапаты начар курулуш”) менен кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий