• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктарга Кореянын Чунгбук университетинде билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын Чунгбук саламаттык сактоо жана илим университетинин президенти Пак Ён Сок менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана билим берүү тармагындагы кызматташуунун багыттарын изилдөө максатында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргызстандык студенттерди Чунгбук университетине окууга чакырууга көмөктөшүү боюнча келишимге жетишти.

Элчи Аида Исмаилова Кыргызстан менен Кореянын ортосунда бекем билим берүү байланыштарын куруунун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргызстандык студенттердин Түштүк Кореяда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдей турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Пак Ён Сок университеттин "эл аралык билим алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана дүйнөлүк лидерлерди тарбиялоо" миссиясын белгилеп, кызматташууга болгон дилгирлигин билдирди.

Тараптар бул өнөктөштүк келечектеги биргелешкен демилгелерге, эки өлкөнүн ортосундагы билим алмашууга жана байланыштарды мындан ары чыңдоого эшик ачарына ишеним билдиришти.

Маалымат үчүн: Chungbuk Health and Science University - саламаттык сактоо жана илим билими боюнча адистешкен Кореядагы белгилүү билим берүү мекемеси. Университет жергиликтүү жана эл аралык студенттерге академиялык жактан ийгиликке жетип, коомго салым кошуу үчүн кеңири программаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий