• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-корея мамилелеринин эки жана көп тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 19-январында КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоонун алдында саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүү контекстинде кыргыз-корея мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Тараптар 2021-жылдын жыйынтыгын, атап айтканда, Корея парламентинин төрагасынын, Түндүк багыт боюнча экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасынын, ошондой эле Түштүк Кореядан келген бир катар бизнес-делегациялардын Кыргызстанга болгон иш сапарлары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө оң түрткү бергендигин канааттануу менен белгилешти.

Бардык деңгээлдеги тыгыз саясий байланыштарды кармап туруу, жогорку жана бийик деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, өз ара пайдалуу саясий диалогду чыңдоо, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экендиги белгиленди.

Мадмаров ошондой эле 2021-жылдын ноябрында Кыргызстан менен Кореянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Чунг Эуи Ёндун ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү мүнөзүн белгилеп, жетишилген макулдашуулар үстүбүздөгү жылы иш жүзүндө ишке ашырыла баштай тургандыгына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда маектештер эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биргелешип иштөөгө бекем ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий