• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды

Саясат 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков президент Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Белгилей кетсек, бүгүн Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президентин кезексиз шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Казакстандын эли үчүн бул маанилүү жана жооптуу тандоо болгонун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жаңы шайланган президенттин ишмердиги Казакстандын мындан аркы туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

Кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүү максатында Сооронбай Жээнбеков президент Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий