• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дохада кыргыз-катар мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.10.22./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кесиптешинин чакыруусу менен Катарга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында министр Кулубаев Катардын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Шейх Мохаммед бин Абдурахман Аль Тани менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар мамилелеринин актуалдуу маселелерин, атап айтканда, бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Мындан тышкары, соода, инвестиция, түз авиакаттамдарды ачуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кыргыз тараптын Катарда өтүп жаткан эл аралык иш-чараларга катышуусуна көңүл бурулду.

Жакында Тажикстан менен болгон аскердик жаңжал талкууланып, ага байланыштуу КР тышкы иштер министри катар тарапка Баткен районунун талкаланган үйлөрүн жана социалдык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Катардын тышкы иштер министри кыргыз тараптын өтүнүчүн кылдаттык менен иликтей турганына ишендирди.

Кулубаев кесиптешин 2023-жылы юбилейлик датага, өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь-декабрь айларында Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө даярдык көрүү алкагында КР министри катар тарапка ийгиликтерди каалап, бул окуя Катар үчүн гана эмес, бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн да тарыхый экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар пландарды ишке ашырууну тездетүү жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда туруктуу байланыштарды өркүндөтүү тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий