• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын президенти быйыл Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 12.02.24./Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2024-жылы Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келери пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Орунбеков азырынча Түркиянын лидери кайсы айда келерин ачыктаган жок.

Ал министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун 9-10-февраль күндөрү Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отуруму ийгиликтүү өткөндүгүн эске салды.

“Буга чейин ушундай эле отурум 2021-жылы Бишкек шаарында өткөн. Мына ушул 2-3 жылдын ичинде кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгы кандай нукта өнүгүп жатат жана кызматташтыктын кандай жаңы багыттары бар, дагы кандай өз ара аракеттенүүнүн преспективдүү багыттарын таба алабыз деген максатта комиссия Анкара шаарында өттү. Бул комиссияга МинКаб башчысы Акылбек Жапаров жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз төрагалык кылышты.

Отурумдун өткөрүлүшүнүн эң маанилүү себеби, быйылкы жылы Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына пландалып жаткан мамлекеттик иш сапарынын мазмунун сапаттуу даярдоо болгон. Комиссия отурумунда эки тараптын төрагалары Акылбек Жапаров жана Жевдет Йылмаз өкмөт аралык комиссияны жыл сайын өткөрүп турууну макулдашышып, кийинки жылкы комиссиянын отуруму Бишкек шаарында өтмөй болду”, — деди ал.

Орунбеков Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Садыр Жапаров жана Режеп Тайип Эрдоган эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешмесине төрагалык кыларын кошумчалады.

“Өкмөттөр аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык комиссия - эки өкмөттөр арасындагы алакаларды чыңдоо үчүн эфективдүү механизм болуп саналат жана өзгөчө эки өлкөнүн өкмөт жетекчилери жетектегени өтө манилүү. Анткени түздөн-түз баарлашып кыргыз-түрк алакаларына көз чаптырып, көйгөйлүү маселелерди оперативдүу чечүүгө өбөлгө түзөт. Расмий иш сапардын жыйынтыгында бир катар бизнес контракттарга кол коюлуп о.э жакынкы келечекке жол картасын, иш планын кабыл алышты”, — деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий