• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мурдагы муфтий Замир Ракиев жаңы кызматка дайындалды

Коом 0

Бишкек, 12.02.24./Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Замир Ракиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Белгилей кетсек, ал 2021-жылы июнь айынан тарта Кыргызстандын муфийи кызматын аркалап келген. Үстүбүздөгү жылдын 26-январында өз каалоосу менен кызматтан кетти. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосуна ылайык, муфтий төрт жылга шайланат.

Ракиев Замир Шейшенбекович 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.

Билими:

Египеттеги Аль-Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, «Университетке даярдоо курсу» жана «Дин негиздери» багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен «Чыгыш таануу» боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

•2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин мугалими;
•2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин директору;
•2010-2011 — Нарын облусунун мусулмандарынын казысы;
•2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары;
•2016-2017 —Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
•2017-2020 — муфтийдин орун басары;
•2020-2021 — Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;
•2021-жылдын июнь айынан тарта Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматын аркалаган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.

Пикир

Оставить комментарий