• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдоочулардын эсине! Дөңгөлөк алмаштыргыла, тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча Кыргызстанда 31-октябрдан 2-ноябрга чейин жаан карга айланып, жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

Тоолуу райондордо аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” посту убактылуу жабылышы мүмкүн деп билдирет, - ИИМдин Кайгуул кызматы.

“Коңшу облустарга сапар тарткан айдоочулар Төө-Ашуу ашуусунда сак болгула, унаалар ортосундагы аралыкты жана ылдамдыкты сактагыла. Жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырганды унутпагыла”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий