• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык боксчу Болгарияда өткөн эл аралык мелдеште алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 12.02.24./Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Анваржан Ходжиев "Странджа Кубогу-2024" эл аралык мелдешинин чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Биринчилик Болгариянын София шаарында өткөн.

Спортчу 48 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/4 финалдык беттеште украиналык Денис Биленкону утса, жарым финалда Сахил Аллахвердовду жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини жеңип, эл аралык мелдештин алтын медалына ээ болду.

Белгилей кетсек, курама команда эл аралык мелдешке машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышты.

Пикир

Оставить комментарий