• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп берди

Президент 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп берди. Анын жообун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Эске салсак, Энтони Блинкен Кыргызстандын парламенти карап жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдогон.

9-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Энтони Блинкенге жооп берген катын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге тапшырган.

Төмөндө Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысынын катына берген жообу.

Америка Кошмо Штаттарынын
Мамлекеттик катчысы
Энтони Блинкен мырзага
Урматтуу Блинкен мырза,

Сиздин 2024-жылдын 17-январындагы мага жазган катыңызды алгандыгымды билдирем.

Өткөн жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында болгон С5 + 1 саммитинин жыйынтыгына жогору баа бергендигиңиз үчүн терең ыраазчылык билдирем жана көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуубуздун артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешип иш жүргүзүүгө даяр экенимди билдирем.

Ошол эле учурда тилекке каршы, Сиздин катыңыздын мазмунунда биздин мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм.

Эмне үчүн экендигин түшүндүрө кетсем.

Сиз “Мурдатан эле региондо Кыргызстандын жарандык коому абдан күчтүү жана өлкөдөгү демократиянын маанилүү бөлүгү болуп келген” деп жазгансыз.

Албетте, бул туура.

Мен Сиздин пикирге кошулуп гана тим болбостон, адилеттүүлүккө жана эркиндикке умтулуу биздин элибиздин канында бар деп өзгөчө баса белгилейм.

Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу Сиздин кооптонууңуз боюнча төмөнкүлөрдү билдирем.

Чынында, бул мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору деп аталат.

Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламенттин) депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленген. Анда өткөн кылымдын аягында, 1999-жылы кабыл алынган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Азыркы учурда бул мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасында иштеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө он миңдеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат.

Ошол эле учурда өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда.

Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар.

Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламенттин) депутаттары демилге кылган жана биринчи окууда кабыл алган мыйзам долбоорунда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдун ишине байланышкан жоболор киргизилүүдө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын ресстрин жүргүзөт деген ченем каралууда.

Ошол эле учурда кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин баса белгилейм.

Белгилүү болгондой, FARA Мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган.

Каттоодон кечиксе же баш тартса – административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат деп турат.

Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат:

эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?

Блинкен мырза,

Соңку үч жылда Кыргызстанда көп нерсе жакшы жагына өзгөрдү.

Биздин жасап жаткан кадамдарга эл аралык коомчулук жакшы деген объективдүү баа берүүдө.

Алсак, азыркы мезгилде биз Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда дүйнөдөгү 166 өлөкөнүн ичинен 45-орунду ээледик, 2030-жылга карата 30 мыкты өлкөнүн катарына киребиз деген ниетибиз бар.

Жакшы өзгөрүүлөрдү мекендештерибиз да сезип жатат, алардын келечекке болгон ишеними артып, бакубат жана байгер жашоого өтүүдө.

Мамлекетибиз канчалык бутуна турган сайын, ошончолук жарандык коом менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат.

Эл менен бийликтин ортосундагы бекем байланыш Элдик Курултай аркылуу жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөбүздү жана коомубузду экономикалык, социалдык жактан өнүктүрүү боюнча стратегиялык маселелерди чечүүдө.

Ондогон жылдардан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелер көп, бирок бизде мамлекетибизди ылдам өнүктүрүп, мамлекеттик башкаруунун бардык системасын түп-тамырынан бери реформалап, бийликти эл алдында отчет бере тургандай кылабыз деген ниетибиз жана саясий эркибиз бар.

Мен Президент жана аткаруу бийлигинин башчысы катары коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүп жатам, бул иште адамдын ээлеген абалына, кызмат ордуна, кылган эмгегине, кошкон салымына карабайм.

Муну элибиз көрүп турат жана колдоого алып, өзүнүн татыктуу баасын берүүдө.

Муну биздин эл аралык өнөктөштөр да көрүп жатат.

Блинкен мырза,

Чындыгында, биз өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде көп жылдан бери чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн каржылоо алып иштеп келе жаткандардын да ишин кубаттайбыз жана иш жүзүндө колдойбуз.

Биздин негизги талаптар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, анын ичинде Салык кодексинин ченемдери аткарылууга тийиш;

өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин ачык-айкындыгы, алардын салык органдарынын алдындагы отчеттуулугу камсыз кылынууга тийиш.

Коомбуз, мамлекетибиз тигил же бул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмду каржылоо кайсыл булактан жүрүп жатканын жана кандай максаттарга жумшалганын билиши керек.

Биздин аларга койгон талаптарыбыз ачык-айкын жана түшүнүктүү, муну коомубуз колдоп жатат, Кыргыз Республикасынын Конституциясына да, ошондой эле биздин эл аралык милдеттенмелерге да туура келет.

Бирок Кыргызстандагы “эркин ЖМК жана ӨЭУ” деген атты жамынгандардын өкүлдөрү мамлекеттик органдар демилге кылган чет өлкөлүк агенттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорлоруна таптакыр каршы чыгышты.

Мыйзам долбоорлору Евросоюзга мүчө-мамлекеттердин жана АКШнын салык төлөөчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен каржыланып жаткан бир катар ЖМКлардын жана ӨЭУлардын катуу нааразычылыгын жаратты, себеби алар мамлекет тарабынан салыктык контрол болуп, көмүскө каражаттарыбыз ачыкка чыгып калат деп коркууда.

Мыйзам долбоорлорун сындоого Евросоюз, ПРООН, ОБСЕ, ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдар, Евросоюздун жана АКШнын элчиликтери, кыргыз ЖМКлардын жана ӨЭУлардын донорлору, чет мамлекеттердин депутаттары жана саясатчылары кошулду.

Ушуга байланыштуу менин жеке тапшырмам менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги М. Укушов 2023-жылдын июлунун орто ченинде АКШнын Элчиси Л. Вигери, ошондой эле Евросоюз өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасындагы элчилери менен брифинг өткөрдү.

Ушул жолугушууларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү элчиликтердин өкүлдөрүнүн кооптонуусун жараткан бардык маселелер боюнча толук түшүндүрмө берди, мыйзам долбоорлорунун эл аралык-укуктук документтер менен салыштырма талдоосун көрсөттү.

Мындан тышкары 2023-жылдын жайында мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча тегерек столдор жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, парламенттин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Ушул иш-чараларда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорлоруна байланыштуу жана анын эл аралык-укуктук документтерге туура келүүсү боюнча бардык маселелерге түшүндүрмө берди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык мамлекет өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын уставдык ишине кийлигишпейт жана кийлигишүүгө умтулбайт.

Ошондуктан бул мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, кантип ал Сиз жазгандай: “АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өкмөттүк эмес уюмдар ишке ашырып жаткан программалар аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу жашоо үчүн маанилүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жарандарыбыздын алуусуна коркунуч жаратары” мага түшүнүксүз болууда?

Сынга кабылган мыйзам долбоорлору кылмыштарды болтурбоо, адамдардын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, кадыр-баркын жана укуктарын коргоо максатында улуттук коопсуздуктун же коомдук тартиптин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон учурларда идеяларды, маалыматтарды алуунун жана таратуунун эркиндиги мыйзам менен чектелиши мүмкүн деген төмөнкү эл аралык укуктун ченемдерине жана жалпыга таанылган принциптерине таянат:

Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европа конвенциясы (10-берене);

Адамдын укуктарынын жалпы декларациясы (29-берененин 2-пункту);

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (19-берененин 3-пункту жана 20-берене);

Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (10-берене);

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана адам укуктары жөнүндө Европа Кеңешинин Декларациясы (1970-жыл) жана башкалар.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн экендигин баса белгилейм (23-берененин 2-бөлүгү).

Башкача айтканда, бул укуктарда биз АКШдан же дүйнөдөгү башка мамлекеттерден айырмаланбайбыз.

Блинкен мырза,

Ошол эле учурда биздин ынак досубуз жана өнөктөшүбүз болгон Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси катары Сиз биздин өлкөдө иштеп жаткан айрым өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын туура эмес маалыматына ишенип алып мыйзам долбоору боюнча өзүңүздүн кооптонууңузду мага билдирдиңиз го деп ойлойм.

Тилекке каршы бул Сизге биздин өлкөбүздөгү адамдын укуктары жана эркиндиктери, анын ичинде биригүү эркиндиги боюнча реалдуу кырдаал жөнүндө объективдүү пикирди түзүүгө мүмкүндүк берген жок.

Чындыгында өлкөбүздө көпчүлүк өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар татыктуу жана ачык-айкын иштеп жатат.

Алардын аз гана бөлүгү, чет мамлекеттерден каржыланып жаткан, курулай кыйкырганды билген бир ууч тобу жана алардын айрым өкүлдөрү гана өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө туура эмес маалыматтарды таратып жатышат.

Мындан тышкары ушул эле өкмөттүк эмес түзүмдөр көп учурда элдан арасына жалган, туура эмес маалыматтарды таратып, анын айынан жабыр тарткандардын жана жалган жалаага кабылгандардын доо-арыздары боюнча соттук териштирүүлөр болууда.

Сотто ишти кароонун натыйжасында жалган маалымат тараткандар доогерлер менен жарашуу жөнүндө өтүнүч берүүгө арагсыз болгон учурлар көп кездешет.

Мындай иштер соттордо абдан көп.

Соңку отуз жылдын ичинде өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери чет өлкөлүк демөөрчүлөрдөн келген акча каражаттарын “жеп алып”, “үй-бүлөлүк ишканага” айланган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын өзүнчө бир катмары пайда болгонун баса белгилейм (кыргыз коому аларды “грант жегичтер” деп атап койгон).

Бул тууралуу өлкөбүздөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында көп жолу жазышкан.

Зарыл болгон учурда биз Сизге тиешелүү маалыматтарды бергенге даярбыз.

Өздөрүнүн “кыйынчылыктары” жана “куугунтук көргөндүгү” жөнүндө айтып шылуунчулук кылып, туура эмес маалымат бергендер чет өлкөлүк демөөрчү түзүмдөрдү адаштырып, АКШнын жана Евросоюз өлкөлөрүнүн салык төлөөчүлөрүнүн акчаларын жөн эле коротуп жатышат.

Ушуга байланыштуу мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарды жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам.

Урматтуу Мамлекеттик катчы мырза, мен берген маалыматтарга жана кепилдиктерге таянып, Сиз “америкалык айрым өнөктөштөрдүн” кооптонуусун жоюп, алар мындан ары да Кыргыз Республикасындагы ишин улантат деп терең ишенем.

Учурдан пайдаланып, урматуу Блинкен мырза, Сизди өлкөбүзгө келип, Кыргызстанда адамдын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен бекем корголуп жаткандыгын өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз деп чакырам.

Кыргызстандан Сиз дайыма чыныгы досторду табасыз деп ишенем.

Ошондой эле биз тең укуктуу кызматташтыкты кубаттайбыз жана бардык өлкөлөр, эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ менен да биргелешип иштөөгө даярбыз деп баса белгилейм.

Болгону, менин бир эле өтүнүчүм бар – өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер.

Сизге бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм.

Садыр Нуркожоевич ЖАПАРОВ

Кыргыз Республикасынын Президенти”.

Пикир

Оставить комментарий