• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.02.24./Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жжлугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара соода тармагында кызматташууну кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, министр Кулубаев АКШ элчисине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун АКШнын Мамлекеттик катчысы Э. Блинкенге даректелген өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана демократиялык абал боюнча жүйөлүү жоопторду камтыган жооп-катын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий