• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында кезектеги таштанды ылгоочу аянтча ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бүгүн, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Кулатов кичи районунда жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн, тиричилик таштандыларын ылгоочу бешинчи аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов долбоор менен жеринде таанышып чыгып, шаардыктардын таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу максатында ишке ашырылып жаткан долбоор шаардагы экологиялык абалды бир топ жакшыртаарын белгиледи. Ошондой эле мындай аянтчалар шаардын бардык аймактарында курулаарын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар аймагында, тактап айтканда Г.Айтиев, Е.Алиев, А.Пушкин, Алай, Ленин көчөлөрүнүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштанды ылгоочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилген.

Шаар аймагы боюнча быйыл жалпысынан 10 таштанды ылгоочу аянтчалар курулат. Долбоор «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан өз эсебинен ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий